Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

Мамлекет башчылар ошондой эле мурда жетишилген келишимдерди ишке ашырууну талкуулашты

Кечээ, 26-февралда, президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, ошондой эле мамлекеттик ишмердигиндеги ийгиликтерди каалады.

СадырЖапаров Режеп Тайып Эрдогандын кадыр-баркы жогору экенин айтып, анын акылман, даанышман жетекчилиги астында Түркия эл аралык аренада өз ордун бекемдеп, бардык тармакта чоң ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-түрк бир туугандык мамилелери боордош эки элдин келечеги үчүн мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине терең ишенет.
Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх