Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Жолугушуу министрлер кабинетинин төрагасынын Түркиянын Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн уландысы болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-түрк бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жеңил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы келечектүү долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга эки тараптын кызыкчылыгы белгиленди.

Минкаб төрагасы жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, кыргыз тарап түрк ишкерлеринин Кыргызстандын аймагында бизнесин ыңгайлуу жүргүзүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуу министрлер кабинетинин төрагасынын Түркиянын Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн уландысы болду.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх