Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын айтты

Буга чейин ЖМКлар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, анда алТүркияда дарыланып жатканын билдирди.

- Мен, учурда Туркияда даарыланып жатам. Тилеке каршы жүрөгүмө атайын медициналык апараттар орнотулгандыктан, акыркы 4 күндөн бери телефонумду жана башка байланыштарды колдоно албай калдым. Бул талап медициналык сактык чараларынын бир бөлүгү болду… Кудайга шүгүр. Азыр бир кыйла жакшымын. Сиздерден кечирим сурайм. Көптөгөн журналистер, туугандар, ага-инилер, спортчулар, достор чалган экенсиздер. Убагында жооп бералбадым. Мындан сырткары буюртма жазмакерлер аркылуу кесиптешим Айбек Осмонов экөөбүздү өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деп Кадыржан Батыров, Батукаев же дагы башка бир тероррист сыяктуу каттуу талкуу болгон экен. Мен дарылануу максатында төраганын атына кат жазып мыйзам чегинде жалгыз келдим. Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй бүлөсү менен чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Деги эле ден-соолуктан ким саясат жасап жатат?,-деп жазган эл өкүлү.

Муну менен бирге Атазов жакынкы күндөрү дарылануу курсу аяктап, Кыргызстанга келе турганын кошумчалады. Эске салсак, буга чейин ЖМКлар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Айбек Осмонов дагы 28-февралда “Азаттыкка” комментарий берип, Түркияга дарылануу үчүн кеткенин айткан.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх