Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Даккадагы өрттө адам өлүмүнө байланыштуу Садыр Жапаров Бангладештин премьерине көңүл айтты

Ресторандагы өрттүн кесепетинен 40тан ашуун адам каза болгон

Садыр Жапаров кечээ Бангладештин премьер-министри Шейх Хасинага көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.


"Ушул жылдын 29-февралында Дакка шаарындагы соода борборунда болгон ири өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жабыркады деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан көңүл айтам, ал эми жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат телеграммада.


Өрт жети кабаттуу үйдүн ресторанында чыккан. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кеминде 43 адам, анын ичинде аялдар жана балдар каза болуп, дагы ондогон жабырлануучулар күйүк бөлүмүнө жеткирилген.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх