Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сенегалдан келген кесиптеши менен жолугушту
Алар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сенегал Республикасынын тышкы иштер министри Исмаил Мадиор Фалл менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле Кыргызстандын талапкерлигин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө колдоо контекстинде эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Министр Жээнбек Кулубаев кесиптешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Фото WWW
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз