Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттерди камакка алуу. Төрт медиа кызматкери үй камагына бошотулду

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды

Массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалган төрт журналист үй камагына бошотулду.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” гезиттеринин кызматкерлери Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, Зоодар Бузумов жана Максат Тажибек уулу камактан бошотулду.

Тергөөчү баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.

 

Учурда кармалган 11 журналисттин төртөө СИЗОдо: Махабат Тажибек кызы, Айке Бейшекеева, Актилек Капаров жана Азамат Ишенбеков.

Эскерте кетсек, 16-январда Темиров Live телеканалынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, 11 журналист күч органдары тарабынан ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, сурактан кийин , 48 саатка камакка алынган.

Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар “Айт Айт Десе” жана Темиров Live басылмасынын беттериндеги макалалардан табылганын билдирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи Май райондук соту камактагы 11 журналисттин бардыгына СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх