Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ Кыргызстандыктарды Орусияга жүйөлүү себептерсиз баруудан баш тартууну сунуштайт

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө Орусияга киргизбей жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан

Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө Орусияга киргизилбей жатканы тууралуу маалымат каражаттарында тараган маалыматка Тышкы иштер министрлиги комментарий берди.

Мекемеден билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясына жапырт киргизбөө фактылары тууралуу сигналдар Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине түшкөн эмес.

«Ошол эле учурда министрлик жана чет элдик мекемелер Россиядагы учурдагы кырдаалга жана анын Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүүдө. Ошону менен бирге министрлик Россия Федерациясына барууга жүйөлүү себептери жок мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими алынганга чейин анын Орусия аймагына баруудан убактылуу баш тартууну дагы бир жолу сунуштайт.

Күтүлбөгөн жагдайлар же шашылыш суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары КР Россия Федерациясындагы Элчилигинин ишеним телефонуна кайрылышы керек: +7 925 115 50 47; ошондой эле министрликтин Консулдук башкармалыгына: +996 999 312 002», — деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх