Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Фергана шаарында жыйын өткөрүштү

Жолугушууда чек ара маселелери жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланды

6-майда Фергана шаарында (Өзбекстан) Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жана Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Абдусалом Азизовдун жолугушуусу болуп өттү.

КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар аймактык коопсуздукту камсыздоону талкуулашты. Терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, мыйзамсыз миграцияга, контрабандага жана чек аралык мүнөздөгү башка коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча пикир алмашуу болду. Чек ара кызматташтыгы жана жалпысынан мамлекеттердин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери козголду.

Жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек араларын демаркациялоо маселелери да каралды.

«Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процесстерин тездетүү боюнча макулдашууларга жетишти жана тараптардын өз ара кызыкчылыктарын эске алуу менен бул маселелерди чечүү боюнча практикалык чараларды белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын мүчөлөрүнө чек аранын калган тилкелерин координациялоо, ошондой эле тиешелүү эки тараптуу макулдашууну даярдоо жана кол коюу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди», — деп айтылат маалыматта.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх