Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чудиновду «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясынын» башчылыгына дайындоо жөнүндө буйрук жокко чыгарылды

Энергетика министрлигинин жетекчисине сөгүш жарыяланды

Игорь Чудиновду «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКнын башкы директору кызматына дайындоо жөнүндө буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Президент Садыр Жапаров КР Конституциясынын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду «Курулуп жаткан электр станциялар» дирекциясынын башкы директорлугуна дайындоо жөнүндө буйругун жокко чыгарды. Ошол эле учурда бул чечимдин кабыл алынышы боюнча мамлекет башчыга маалымат берилбегени үчүн энергетика министрине сөгүш жарыяланды», — деп жазат Алагөзов.

Ага ылайык, энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.


Эске сала кетсек, бүгүн КР мурдагы премьер-министри Игорь Чудинов «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясынын» башкы директору болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Игорь Чудинов Курманбек Бакиевдин тушунда өлкөнүн премьер-министри болгон. Ал бир катар коррупциялык иштерге аралашкан. Ага бир нече жолу кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2017-жылы жерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча да. Анда Чудинов күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып салынган. Мындан тышкары, ага 2009-жылдан 2015-жылга чейин «Машина сыноо станциясы» ААКга 200 миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлгөн жана максатсыз пайдаланган деген айып коюлган. Бирок кийинчерээк айып алынып салынган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх