Швейцариянын Тышкы иштер министри Иньяцио Кассис Кыргызстанга келди
Жогорку деңгээлдеги конокту Ысык-Көл эл аралык аэропортунда тозушту
Швейцария Конфедерациясынын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин башчысы, Кыргызстанда өткөн түнү кечинде Кыргызстанга келип конду.
Жогорку деңгээлдеги конокту Ысык-Көл эл аралык аэропортунда тозушту.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кассистин сүйлөшүүлөрү өтөт. Тараптар Кыргыз-Швейцария кызматташтыгынын андан ары өнүгүшүн талкуулашат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров дагы Иньяцио Кассисти кабыл алат деп күтүлүүдө.
Сүрөт: ТИМдин басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз