Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тышкы иштер министринин орун басары АКШ элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты

Бүгүн КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөн 6-жылдык эки тараптуу консультациялардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну улантуу, соода-экономикалык жана банктар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө, региондук жана диалогдук аянтча – “С5+1” боюнча кызматташуунун алкагында өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүүнү жана климаттын өзгөрүүсү боюнча кызматташуу.

 

Сүрөт ТИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх