Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен учуп кетти

Ал расмий эмес ТМУ саммитине катышат

Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Азербайжанга учуп кетти.

5-6-июлда боло турган иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитине катышат. Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы “Транспорт, коммуникациялар жана климаттык аракеттер аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу”.

Делегациянын мүчөлөрү:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Максат Мамытканов;

- Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх