Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште үч жаңы депутат

Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз шайлоонун жеңүүчүлөрүн каттады

7-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 30-июнда болуп өткөн Бишкек шаарынын Свердлов району, Ош облусунун Ноокат району жана Ысык-Көл району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо үч жеңүүчү катталды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Мариповго (№5 Ноокат шайлоо округу), Жумабек Салымбековго (№29 Свердлов шайлоо округу) жана Айжигит Тыналиевге (№36 Ысык-Көл шайлоо округу) төш белгилерди жана күбөлүктөрдү тапшырды.

Жаңы депутаттар 1-сентябрдан тарта VII чакырылыштын кезектеги сессиясында ишке киришет.

 

Сүрөт БШКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх