Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айгүл Жапарова "Беларусь аялдар союзунун" өкүлдөрү менен жолукту

Ольга Шпилевская Айгүл Жапарованы жылуу кабыл алып, Биринчи айым баштаган кыргыз делегациясы менен жолугушууга абдан кубанычта экенин баса белгиледи

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова кечээ, 11-июлда Минск шаарында «Беларусь аялдар союзу» (БАС) КБ төрайымы Ольга Шпилевская менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга беларус тараптан ошондой эле эмгек жана социалдык коргоо министри Наталья Павлюченко, Беларусь керектөөчү коомдор республикалык союзунун башкармалыгынын төрайымы Инесса Короткевич, Беларусь Республикасынын Жогорку Кеңешинин Улуттук жыйынынын Республикалык Кеңешинин депутаты Марина Ильина, Минск шаардык аткаруу комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары Надежда Лазаревич катышты.

Бул бирикме 1991-жылы түзүлгөн, анын ишмердүүлүгү аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүгө, аялдардын коомдогу татыктуу ордун камсыз кылууга, анын өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушундагы ролун жогорулатууга багытталган.

Ольга Шпилевская Айгүл Жапарованы жылуу кабыл алып, Биринчи айым баштаган кыргыз делегациясы менен жолугушууга абдан кубанычта экенин баса белгиледи.

Ал БАС ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, бул өлкөдөгү 175 миңден ашык аялдарды бириктирген эң ири аялдар уюму экенин белгиледи. Бардык облустук, шаардык жана райондук борборлордо анын өкүлчүлүктөрү бар. Уюмдун катарында Республика Кеңешинин мүчөлөрү жана Улуттук жыйындын өкүлдөрү Палатасынын депутаттары, республикалык мамлекеттик башкаруу органдардын, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери, ишкер чөйрөлөр жана чарбалык коомчулуктар бар.

Мындан тышкары, Ольга Шпилевская бирикме жардамга муктаж аялдарга, үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү боюнча активдүү кайрымдуулук жана гуманитардык ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзөрүн белгиледи. Ошондой эле БАС аялдары жалпы республикалык акцияларды жана иш-чараларды өткөрүшөт.

Өз кезегинде Айгүл Жапарова бүгүнкү өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери жана албетте бул процесстерде аялдардын ролу боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүн канааттануу менен белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдар мамлекеттик башкаруу тутумунан жана ишкерликтен баштап, коомдук ишмердүүлүккө чейин өлкөнүн жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүндө жигердүү катышып, маанилүү ролду ойношот.

Биринчи айым Беларустун коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушунда аялдардын ролун жогорулатуу боюнча «Беларусь аялдар кошуну» тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу иштерди канааттануу менен белгиледи. Бул өңүттө ал “аялдар маселеси” алкагында өз ара аракеттенүүнү алга жылдыруу, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн айымдарынан, анын ичинде ишкер аялдардан турган делегацияларынын өз ара иш сапарлары менен бирге аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, санариптештирүү, туризм жана башка тармактарда күчтөрдү бириктирүүнүн жана кызматташтыкты кеңейтүүнүн, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх