Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин администрациясынын коллегиясынын чечими менен айрым мамлекеттик органдардын ишине баа берилди

Кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгы менен айрым мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү баа берилип, кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү:

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын–акимдердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аймактардагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын ишин уюштуруудагы аракеттери жетишсиз деп таанылып, министрликке бир катар тапшырмалар коюлду.

- Юстиция министрлигинин нотариус кызматы боюнча жүргүзүп жаткан иши жетишсиз деп таанылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковго нотариус тармагындагы министрликтин кемчиликтери үчүн “сөгүш” тартиптик чарасы жарыяланды;

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо даректүүлүк маселесинде көрүп жаткан аракеттери “жетишсиз” деп таанылып, министрликке тиешелүү бир катар тапшырмалар берилди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх