Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элчи Казакбаев Түркиянын Миграция кызматынын башчысы менен жолугушту

Элчи Р.Казакбаев Кыргызстандын жарандарына максималдуу колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Миграция кызматынын башчысы Атилла Торос менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Түркияда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо маселесин кеңири талкуулашты. Элчи Р.Казакбаев Кыргызстандын жарандарына максималдуу колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Элчи Казакбаев Атилла Тороско Кыргызстан менен Түркиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өткөн консулдук маселелер боюнча кеңешмелердин жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымат берип, аларды мындан ары ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын тараптардын аймактарында жүрүүсү, иштөөсү жана өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх