Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Катар кайрымдуулук фондунун ортосундагы кызматташтык талкууланды

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Катар кайрымдуулук (Qatar Charity) фондунун глобалдык программалар боюнча директору Наваф Абдулла Аль-Хаммади менен жолугушту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар гуманитардык жардам жана Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Адылбек Касымалиев жарандардын жашоосун жакшыртууга жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган кайрымдуулук демилгелерин колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Наваф Абдулла Аль-Хаммади Катар кайрымдуулук фонду бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да жигердүү иш алып барып жатканын белгилеп, муктаждарга жардам берүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар кайрымдуулук жана социалдык жоопкерчилик жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты. Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы жигердүү кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн Наваф Абдулла Аль-Хаммадиге КР министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх