Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Кыргызстан менен Британиянын укуктук кызматташтыгы талкууланды

Жолугушуунун соңунда эки тарап биргелешкен аракеттер мамлекеттерибизде мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти

Кечээ башкы прокурор Максат Асаналиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу укуктук кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Башкы прокурор Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, өлкөлөр мыйзамдын үстөмдүгү жана жарандардын укуктарын коргоо сыяктуу жалпы баалуулуктарды бөлүшөрүн айтты.

Коррупцияга каршы күрөшүү жана уурдалган активдерди кайтарып алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Башкы прокурор Улуу Британиянын бул багытта көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташуу үчүн олуттуу мүмкүндүктөрдү баса белгиледи.

Ошондой эле укук колдонуу чөйрөсүндө тажрыйба жана практикалык иштелмелер менен алмашуу мүмкүнчүлүгү талкууланды, бул тараптардын пикири боюнча укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана эки өлкөнүн укуктук системаларынын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Тараптар ошондой эле компетенттүү органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аркылуу мамлекеттер ортосунда тиешелүү келишимдик-укуктук базаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул келечекте биздин өлкөлөргө жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө мамлекеттер аралык келишим түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул албетте, трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүдө жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу туруштук берүүгө мүмкүндүк түзөт.

Өз кезегинде Улуу Британиянын элчиси тиешелүү эки тараптуу документтерге кол коюу эки мамлекеттин аймагында убактылуу же туруктуу жүргөн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана сактоо жаатындагы мамилелерди бекемдеп, эки өлкө ортосундагы мамилелердин жаңы барагын ачарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда эки тарап биргелешкен аракеттер мамлекеттерибизде мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх