Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маданият министрлигинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Чынгыз Эсенгул уулу министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жана министрликтин алдындагы ведомстволорунда бир нече кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Белгилүү болгондой, буга чейин министрдин орун басары кызматын аркалап келген Чынгыз Эсенгул уулу министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал эми министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев министрдин орун басары болду.

Ошондой эле, министрликке караштуу Кинематография департаментинин мурдагы директору Акжол Бекболотов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу департаменттин директору болуп Улан Адамалиев дайындалды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх