Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болуп дайындалды

2015-2021-жылдары Асылбаева “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон

Асылбаева Гүлшат Кадыровна мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы кызматын аркалап келген.

Ал эми 2015-2021-жылдары Асылбаева “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх