Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту

Тараптар кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирип, илим, билим берүү жана экология чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айта кетти.

Лидерлер өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган негизги долбоорлорду биргелешип алга жылдырууга ишенимин билдиришти.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх