Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үрүмчүдө "Кытай – Борбор Азия" жогорку сотторунун төрагаларынын жыйыны өтүүдө

Замирбек Базарбеков Кытайдын Жогорку элдик сотунун төрагасы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы "Кытай – Борбор Азия" жогорку сотторунун төрагаларынын жыйынына катышууда.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Үрүмчү шаарында өткөн иш-чаранын ачылышында Замирбек Базарбеков жыйын Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку соттору ортосундагы эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча дагы бир кадам болуп саналарын айтты. Ошондой эле ачык жана мазмундуу баарлашуу жүргүзүүгө, актуалдуу маселелерди сапаттуу талкуулоого натыйжалуу аянтча түзүп берерин белгиледи.

"Бүгүн биз чек аралык коммерциялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу, терроризмге каршы күрөшүү, кибер кылмыштуулук, коррупция, экологиялык ресурстарды соттук коргоо жана сот адилеттигинде маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жаатында тажрыйба жана практикалар менен алмашууга даярбыз. Бул суроолор бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ. Жыйындын катышуучуларынын ортосундагы билим жана тажрыйба алмашуу жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө жана биз туш болуп жаткан чакырыктарды жеңүүгө жардам берерине ишенем", – деди Замирбек Базарбеков.

Иш сапардын алкагында Замирбек Базарбеков Кытайдын Жогорку элдик сотунун төрагасы Чжан Цзюн менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Белгилей кетсек, кыргыз делегациясынын курамында Жогорку соттун судьясы Элмира Байтикова, аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Азамат Жумагулов, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов жана Жогорку соттун аппаратынын кызматкери Даир Турусбеков бар.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх