Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолугушту

Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлдү

Рим шаарында кечээ, 3-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Италиянын президенти Серджо Маттарелланын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Квиринале Сарайында Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын президенти Серджо Маттарелла жана анын кызы Лаура Маттарелла тосуп алды.

Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарып, Ардак кароолдун башчысы салам рапортун берди.

Андан соң Сарайда эки өлкөнүн мамлекеттик желектеринин фонунда сүрөткө түшүү аземи жана делегацияларды тааныштыруу болду. Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Серджо Маттарелла сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх