Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат менен каржы министринин орун басары насыя тууралуу кайым айтышты

"Бул толугу менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталат"

Бүгүн, 2024-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев 2024-жыл профицит менен бүтөбү деген суроону койду.

Буга Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев 2024-жылдын бюджети 10,9 миллиард сом профицит менен бекитилгенин айтты.

Депутат эмне үчүн мындай учурда каржы министрлиги бюджетти колдоо үчүн 4,2 миллиард сом насыя алууну көздөп жатканын сурады.

«Эгерде бизде бюджет профицити бар болсо, анда эмне үчүн бюджетти колдоо үчүн насыя алабыз, бул кошумча жүк болуп саналбайбы? – деп сурады.

Ага министрдин орун басары ашыкча деп көрсөтүлгөн каражаттарды мамлекеттик карыздын бир бөлүгүн жабууга жумшоону көздөп жатканын айтты.

«Бул финансылык инструменттердин бири. Эми биз жеңилдетилген шартта насыя алалы деп жатабыз. Бул толугу менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталат», - деди ал.

Депутат каржы министрлиги АӨБнын насыясын канча убакытка алууну көздөп жатканын сурады.

Аманбаев насыя 24 жылга эсептелгенин, анда 8 жылга жылына 1%, калган жылдары 1,5% төлөйбүз деп жооп берди.

"Мисалы, үй-бүлөңдө бардык нерсеге акчаң жетип жатса, карыз албайсың, туурабы?" — деп сурады депутат.
Аманбаев ага каршы жооп кылып, мындай учурда акчаны кредитке машина же башка ири сатып алууларга жумшаса болорун айтты.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх