Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды

"Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоого бараткан ар бир талапкерди текшерүүнү тапшырды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, бул тууралуу ал күн мурун Баткенде чек арачылар менен жолугушууда айтты. Анда Ташиев тиешелүү органдарды шайлоого бараткан ар бир талапкерди кылдат текшерүүнү, күмөндүүлөрдү тизмеден чыгарууну тапшырды.

"Биз мамлекетти акыйкаттуулук менен башкарышыбыз керек. Шайлоолорго мамлекеттик органдар кийлигишпеши керек. Мурдагыдай бирөө бирөөнүн эркине басым жасабайт. Биз депутаттар таза болсун, элге мамлекетке кызмат кылсын деп аракет кылып жатабыз", - деди ал өз сөзүндө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх