Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбек Кулубаев Азербайжандын элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды

Тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты

Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын элчиси Латиф Гандиловду кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагындагы өзгөчө көңүл Кыргызстан тарабынан сунушталып жаткан тоо демилгелери жана аларды дүйнөлүк климат күн тартибинде, айрыкча Бакуда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 29-конференциясына (COP29) даярдык көрүү алкагында илгерилетүүгө бурулду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх