Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коргоо министрлиги Россиянын Аскер академиясы менен кызматташат

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

29-октябрдан 1-ноябрга чейин Кыргызстандын Коргоо министрлигинин делегациясы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскер академиясында иш сапарда болушту.

Министрликтен билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясынын курамында Коргоо министрлигинин илимий-изилдөө инновациялык борборунун башчысы Талгат Саалаев, аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Канагат Уразбеков, Аскер институтунун башчысы Иман Мамбетсеитов болду.

Иш сапардын алкагында алар РФ Куралдуу күчтөрүнүн Аскер академиясынын окуу-материалдык базасы менен таанышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосунда аскердик билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Эске салсак, ушул меморандумдун долбоору 2023-жылдын 28-ноябрында Аскер институтунда РФ Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскер академиясынын башчысынын орун басары А.С.Коржевский жетектеген делегация өкүлдөрү менен макулдашылган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх