Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КМШ аскердик кызматташуунун 2030-жылга чейинки концепциясын иштеп чыгат

Учурдагы геосаясий абалды эске алганда мындай долбоор маанилүү экени айтылды

КМШ өлкөлөрү аскердик кызматташуунун 2030-жылга чейинки концепциялык долбоорун иштеп чыгышат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев айтканын РИА Новости жазды.

Ал учурдагы геосаясий абалды эске алганда мындай долбоор маанилүү экенин белгилеген.

"Азыркы кырдаалда аскердик коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты арттыруу туруктуулуктун маанилүү фактору болору айдан ачык. Биз КМШ мамлекеттеринин 2030-жылга чейинки аскердик кызматташуусунун концепциясын иштеп чыгууга киришип жатабыз. Анда кызматташуунун артыкчылыктуу жана жаңы багыттары так көрсөтүлөт", – деген Лебедев Москвада өткөн КМШнын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 12-жолугушуусунда.

Ал КМШ уюмуна кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн аскердик, тактикалык, техникалык даярдыктары тажрыйбалардын, илимий жетишкендиктердин негизинде жүрүп, өз ара тыгыз алакада өнүгүшү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалаган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх