Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Жамбыл облусунун акими менен жолукту

Ошондой эле Жеңишбек Асанкулов өз ара инвестицияларды колдоонун жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн зарылдыгын белгиледи

Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Жеңишбек Асанкулов Казакстандын Жамбыл облусунун акими Ербол Карашукеев менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, ошондой эле Жамбыл облусунда жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча аймактар аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маанилүүлүгүн ырасташты.

Ошондой эле Жеңишбек Асанкулов өз ара инвестицияларды колдоонун жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Бул үчүн өз ара бизнес-миссияларды уюштурууну сунуштап, кыргыз ишкерлеринин Тараз шаарында Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын кеңири ассортиментин көрсөтө ала турган Кыргызстандын соода үйүн ачууга кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, Казакстандын ушундай эле соода үйлөрүн Чүй жана Талас облустарында ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керектиги айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар аймактардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган конкреттүү кадамдарды камтыган 2025-жылга карата кызматташуу боюнча Жол карталарын биргелешип иштеп чыгууну талкуулашты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх