Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

Жолугушууда кыргыз-беларус өз ара кызматташуусунун келечеги жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды

Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкекте өтө турган Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынына даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.

Жыйындын күн тартибине Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнү кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорт тармактарында кызматташуу, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара байланыш маселелери киргизилген.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз-беларус өз ара кызматташуусунун келечеги жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх