Жээнбек Кулубаев Камбоджа ТИМнин мамлекеттик катчысынын орун басарын кабыл алды
2025-жылы тараптар мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет
Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Камбоджанын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Сом Визалды кабыл алды.
КР ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-камбоджа мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, аны активдештирүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кезектеги саясий консультацияларды өткөрүү үчүн Камбоджа делегациясынын Кыргызстанга жумушчу сапары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналарын өзгөчө баса белгиледи.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы менен Камбоджа Падышачылыгынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 20-жылдын 1995-мартында түзүлгөн. 2025-жылы тараптар мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет