Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча дагы пикир алмашуу болду
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин, анын ичинде президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрындагы Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.
Министр Кулубаев ошондой эле климаттык күн тартибинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, япон тарапты жашыл экономика долбоорлорун биргелешип активдүү илгерилетүүгө чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча дагы пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйнтыгында тараптар эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтулуу ниеттерин тастыкташты.