Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңешине кимдер депутат болору белгилүү болду

 Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди

Кече 26-ноябрда КР Боршайкому Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Ал жыйынтык боюнча Бишкек шаардык кеңешине 5 партиянын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер депутат болуп калышты.

«Жаңы күч» партиясы 37903 добуш, «Эмгек» партиясы 28647 добуш, «Адилет» партиясы 17858 добуш, «Ынтымак» партиясы 18613 добуш, «Эл үмүтү» партиясы 14514 добуш алышкан.

Ал эми мандаттарды бөлүштүрө келгенде «Жаңы күч» 17 мандат, «Эмгек» 12 мандатка, «Адилет» 8 мандатка, «Ынтымак» 8 мандатка жана «Эл үмүтү» 6 мандатка ээ болгон.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх