Жогорку Кенештин депутаттары актуалдуу социялдык көйгөйлөргө көңүл бурушту
Бүгүн, 28-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү
Алсак, депутат Эльдар Абакиров Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып ОСАГО полисинин жоктугу үчүн айдоочуларга айып пул салынарын эскертти. Ошону менен бирге ал тиешелүү мыйзамдарда унааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча норма жок экенин белгилеп, Министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Ал эми эл өкүлү Эльдар Сулайманов аутизм менен ооруган балдардын көйгөйүнө токтолуп, коррекциялык сабактарды уюштуруу керектигин белгиледи. «Аутизм менен ооруган балдарды социалдык жактан интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү зарыл», - деди ал.
Депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алай жана Кадамжай райондорундагы автожолдордун курулушун тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, узундугу 100 чакырымды түзгөн долбоор совет мезгилинде эле башталган, муну менен катар 2 көпүрө куруу талап кылынат.
Депутат Чынберди Толонов Өзгөн районунун Ынтымак жана Куршаб айылдарынын ортосундагы жолду оңдоп, аталган аймактын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
Эл өкүлү Нилуфар Алимжанова Ноокат районундагы Уркуя Салиева атындагы музейдин жаңы имаратын куруу зарылдыгын белгилеп, азыркы имарат ашар ыкмасы менен курулуп, учурда авариялык абалга келгенин жүйө келтирди. «Музейде Уркуя Салиеванын өмүрүнө арналган 2100гө жакын экспонат бар. Аталган маданий объект туристтер арасында чоң суроо-талапка ээ», - деген депутат жооптуу органдарды бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Динара Ашимова экологиялык көйгөйлөр тууралуу сөз кылып, Алай жана Чоң-Алай райондорундагы кырдаалга токтолду. Анын айтымында, малдын терисин кайра иштетүүчү цех куруу зарыл, анткени азыркы учурда койдун териси утилдештирилбейт жана кайра иштетилбейт, бул жагдай экологиялык көйгөйлөргө алып келүүдө