Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиевди Америкага каршы билдирүү жасап, жөн эле сөйкөнө бербөөнү сунуш кылышты

Экономисттер депутаттын АКШ товарларына санкция киргизүү сунушун сынга алышты

Депутат Исхак Масалиевдин Кыргызстан америкалык товарларга санкция киргизүүсү керек дегени - туура эмес. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов билдирди.

- Кыргызстан - эгемендүү мамлекет, биздин өзүбүздүн саясий жана экономикалык стратегиябыз бар, - деп эскертти талдоочу.  - Эгерде кайсы бир мамлекетте көйгөй бар болсо, анын бизге тийешеси болбош керек. Алтургай уюмдаш мамлекеттерде кыйынчылык болсо да. Биз карызга кокодон баттык, сырткы карыз коркунучтуу абалга жетти. Ал эми негизги карызыбыз - Эл аралык валюта фонду, анын уюштуруучуларынын бири АКШ. Мындай ойлонбой туруп сүйлөө биздин  өлкөгө зыян алып келиши мүмкүн. Анын үстүнө АКШ менен соода мамилебиз жок.

Өз кезегинде экономист Азамат Акенеев ЕАЭБ экономикалык эмес саясий уюмдашыбыз экендигин эскертти.

- Биздин ал келишимдин алкагында белгилүү гана милдеттерибиз бар, бирок алар санкция , контрсанкцияларга тийешеси жок. Уюмдаштардын башка бир үчүнчү өлкөлөргө санкция киргизишине биздин тийешебиз жок, - деп билдирди ал Vesti.kg сайтына.  - Кыргызстандын тышкы саясатта өзүнүн багыты бар, кимдир бирөөлөр тарапка өтүүгө болбойт. Анын үстүнө биздин уюмдаштардан санкцияны колдоо тууралуу рамий билдирүү түшкөн жок. Жөн эле ар кимге сөйкөнө бербеш керек.

Кечээ Исхак Масалиев өкмөттөн америкалык товарларды киргизүүдөн баш тартууну сурангандыгын эске сала кетели.

«Биз Кытай жана Россия менен кызматташабыз, АКШ аларга каршы санкция киргизди, алар да жооп кылышты. Биз өнөктөш катары аларды колдойбузбу ? - деп кайрылды депутат экономика министрине. Биз кандай деген өнөктөш болобуз башыбызды кумга тыгып отурсак. Америка бүт дүйнөгө кантип жашоону үйрөтүп жатат, биз болсо үндөбөй отурабыз. Алар Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузуп жатышат. Буга көңүл буруу керек. Биздин ЕАЭБ алкагында милдеттерибиз бар. Мүмкүн АКШ товарларынан баш тартабыз ? Өкмөткө ушуну ойлонуп көрүүнү сунуш кылам».

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх