Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттүн аппаратынын ОЭК жаңы бөлүм башчысы Айбек Калиевдин курсташы жана досубу?

Азамат Оморов мурунку ишинде кесипкөйлүгүн далилдей алган эмес, деп эсептейт талдоочу

Өкмөттүн аппаратынын кен байлыктарды иштетүү жана отун-энергетика комплекси бөлүмүнүн жаңы бөлүм башчысы болуп Азамат Оморов дайындалды. Премьер-министр тийешелүү буйрукка кол койду. Vesti.kg сайтына энергетика жаатынын талдоочусу коомдук ишмер Расул Умбеталиев оюн айтты.

- Азамат Оморовдун акыркы иштеген кызматы КР өнөр жай, энергетика жана кен казуу боюнча Мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары эле, - деп белгилейт ал. - Мен анын ал кызматта өзгөчө деле ишин көргөнүм жок.

Талдоочунун ою боюнча, Оморов кээде өлкөнүн  энергетика жана кен иштетүү тармагынын кызыкчылыгына каршы келген нерселерди сүйлөп койчу.

Мисалы, төмөндөгүлөр:

«Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруучу инвесторго эл аралык аудит жүргүзүшү керек».

- Бул долбоордо ансыз деле инвестор жок, баары качып кетишти. Ал болсо алардын үстүнөн аудит кылыш керек деп жатат? - деп таң калат Умбеталиев. Бул жерде инвесторлордун кандай тийешеси бар ? Ушундай сунуштардын айынан Кыргызстанга болгон  инвестициялык  кызыкчылык төмөндөйт.

Жалпысынан алганда коомдук ишмер Азамат Оморовдон кесипкөйлүктү да, компетенттүүлүктү да көргөн эмес.  Ал андан мурунку кызматтарында деле кыйраткан эмес болуш керек деп божомолдойт.

- Жогорку-Нарын ГЭС каскадына байланышкан канча уурулуктар бар, Оморов жаңы кызматында деле жарытпайт, - дейт Умбеталиев. - Мурункудай эле иштейт.

Дагы бир кызыктуу жагдай - энергетика боюнча талдоочунун сөзү боюнча, Азамат Оморов качандыр бир кездерде Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев менен бирге окуган жана досу болгон. Экөө тең Исхак Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетти 2006-жылы бүтүрүшкөн. Азамат Оморов электркамсыздоо жана энергетика факультетин бүтүргөн. 2005-2007 жылдары энергетика боюнча Кыргыз илимий-техникалык борборунун өндүрүштүк лабораториясында инженер болуп иштеген. 2007-2010 жылдары болсо, өнөр жай, энергетика жана жылуулук ресурстары Министрлигинде электр энергиясын иштеп чыгаруу жана берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.
2012-2016 жылдары КР өкмөтүнүн аппаратында отун-энергетика комплекси, өнөр жай жана кен иштетүү бөлүмүндө эксперт болуп иштеген.  
2016-жылы аны КР өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындашкан.

Ольга Федорчук
Фото www
    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх