Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП жакынкы күндөрү өздөрүнүн Бишкектин мэрлигине талапкерин талкууга салышат

Азырынча Бишкек шаардык кеңешинин «социал-демократтары» эч кандай фамилияны угузуша элек

Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фрациясы борбор шаардын мэрлик кызматы талапкердин атын атай элек. Бул туурасында Vesti.kg сайтына партиянын катчысы Асель Камбарова билдирди.

- Чечим кабыл алына элек, бул маселени али карай элекпиз. Жакында талкуу болсо керек, - деп кошумчалады ал.  

КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докенов Vesti.kg сайтына талапкер тууралуу кийинчерээк талкуу болот деди.

- Биз бул маселеге кайрыла элекпиз, - дейт ал. Шайлоо күнүн 8-августка койдук. Ушул күнгө жакындаганда билинет ким экендиги.
Эске салсак, БШК расмий түрдө 2018-жылы 8-августта Бишкек мэрин шалоо күнү деп жарыялады.

Белгилей кетчү нерсе, Бишкектин мэрлигине талапкер болууга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана КР премьер-министри акылуу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх