Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орун басардын аркасынан жаңжал социалдык өнүктүрүү министрине чейин жетеби?

Депутат мекеме башчысы кайсыл акчага үй бүлөсү менен Сауд Арабиясына, Швейцарияга, Аргентинага, АКШга, Санкт-Петербургга жана Лондонго учкандыгын аныктап берүүнү сурайт

КСДП парламенттик фракциясынын депутаты эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин жанан анын орун басарынын саякаттоолорунун картасын элге шардана кылды. Депутат чиновник аялдардын чет элге окуу үчүн командировкага деп эсептелген катардагы адистердин ордуна барып жүрүшкөн. Болгондо да премьер-министрдин тийешелүү буйругусуз.  

Бүгүнкү ЖК комитетинин отурумундаКСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Сеул аэропортундагы Зууракан Каденова катышкан окуяга көңүл бурду. Ал бул сапарга катардагы адистер барып, окуп келиши керек болгондугун баса белгиледи.

«Биз уккан маалымат боюнча, Каденованын элчилик паспортту пайдаланышы одоно мыйзам бузуу болуп саналат. Белгилей кетүүчү нерсе, ЮНИСЕФ жана башка ар кандай уюмдардан Кыргызстанга акчалар келет, алар аз камсыз болгон үй бүлөнүн балдары үчүн берилген акчалар.  бул акчаларды бир кезде проценти менен кайтарып беришибиз керек болот. ал эми булар болсо сайрандап жүрүшөт ал акчага. Бир жылда министрлер менен орун басарлары канча жолу чет жакка командировкага чыккандыктарын тактаңыз.  Эмне максат менен чыгышкан, премьердин уруксаты болгонбу? Ушул маселе менен Аида Касымалиева укук коргоо органдарына кайрылып өтүндү» .

Ошондой эле алардын чет мамлекетке чыгууларына алар МТСРдан акча сурашкан.

 

КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх