Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз жоокерлеринин сөөгүн кайрадан мекенине көмүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл албоо сунушталат

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында бай эмес  өлкө үчүн  өтө эле оор жүк

Эл аралык иштер, Коргонуу жана коопсуздук комитети «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө «Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн жана тыл иштермандары» мыйзам долбоорун, каржы маселеси каралбаган соң,  кароодон баш тартты. Бул туурасында КСДП парламенттик фракциясынын Катчылыгы маалымдады.

Мыйзам долбоорду депутаттар 26-сентябрь күнү пленардык отурумда экинчи окууда карап чыгышты.

Четке каккан бүтүм вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын колу менен кечээ келип түшкөн.

Ал жерде, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында, курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун саны 56 миң адамдан ашат. Алдын ала берген Финансы министрлигинин эсеби менен, мыйзам долбоорун ишке ашырууга 28 млрд сом талап кылынат.

«Ар жылдагы Республикалык бюджеттин тартыштыгын эске алсак, бул мыйзам долбоорду кабыл алуу туура эмес болмокчу»,-деп документте айтылат.  
Айнуру Алтыбаева жана Альфия Самигуллина, парламентти мыйзам долбоорду четке какпастан, профилдик комитетке акыры ишке ашыруу үчүн кайра карап чыгууга жөнөтүүгө чакырды.

«Өз тарыхын билбеген, сыйлабаган эл, өнгөнүн тарыхын изилдейт,- деди Айнуру Алтыбаева

- Биздин мамлекетибиздин тарыхында миңдеген кыргызстандыктар мекенин коргоп, набыт болгон трагедияны башынан өткөргөн. Көбү фронттон кайткан эмес, канчасы оор жарадар болгон. Бул мыйзам долбоор кыйшаюусуз колдоого ээ болуусу керек»

Депутат Альфия Самигуллина Өкмөттүн аргументтери суу кечпейт жана мамлекеттин өзүнүн социалдык милдеттемелерин аткарууда алсыз экенин көрсөтүп койгонун белгилеп өттү.

«Менимче мыйзам долбоорду колдоо керек. Эгер биз бюджетте акча жок деп, карап отура берсек, эч алдыга жылуу болбойт- бюджетти көтөрүү кызыкчылыгы дагы болбойт»

Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин Коомдук кеңешинин төрагасы Анвар Сартаевдин айтымында «кыргыз жоокерлерин мекенине кайра көмүүгө каражат каралышы керекпи», деген маселеде күмөн болбош керектигин айтып өттү. 

-Акыркы жоокердин сөөгү жерге берилмейин, согуш бутпөйт,-деп Vesti.kg сайтына билдирди. Мындай мыйзам  мурун кабыл алынбаганы таңкалычтуу. Илгери эле башташ керек эле.

Аскерий серепчи, запастагы полковник Токтогул Какчекеев, мыйзам долбоордо пиардын элементтери бар экени байкалганын белгиледи.

- Алдыда парламенттик шайлоо, депутаттар иш үстүндө - каяка мектеп, бала бакча ачуу керек, жоокерлерди  каяка кайра көмсөк деп алдастап турушат, - деп Vesti.kg сайтына тамашалады.

Долбоорду ишке ашырууга ошончо эле көп каражат кетээринен полковник күмөн. Согушта курман болгондордун көбү, чогуусу менен көмүлүп калган,  кыргызстандыктарды издейбиз деп ошончо көрүстөндү кайра казбайт деген оюн айтты.

- Эми Россия менен Беларуссиянын издөөчүлөрү траншея, окоптордон совет аскерлеринин сөөктөрүн  табышууда,-деп  улантты пикирин.

- Көбүнүн жанында «тиги дүйнөгө паспорт» деп аталган, аты-жөнү, дареги, чакырылган жери жазылган атайы биркалары сакталып калган. Андай аныкталгандардын сөөгүн туугандары үйүнө алып келебиз десе,  мамлекет колдошу керек. Бирок акыркы эки жылда андайлардын саны үчтөн ашкан жок. Көп деле акча кетпейт.

Какчекеевдин айтымында, бийлик андан көрө, Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарынын жеңилдиктерин Баткен согушунун катышуучуларына да ыйгарып койсо  туура болорун белгиледи.

- Кыргыз ата салты боюнча (мусулманчылык эмес) жоокерди курман болгон жерине - кан майданга көмгөн. Жоокерлердин ошондой чогуу көрүстөндөрдө, согуш жолдоштору менен көмүлгөндүгүндө эч жаман нерсе жок экенин айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын биринчи башкаруучусу, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев дагы, кайра көмүүгө каражат анча кетпестигин, ошондой эле табылган кыргыз жоокерлеринин саны өтө аз экенин айтып өттү.

- Vesti.kg сайтына демилгени колдоо керек,-деди.  Акыркы жылдары аз эле киши табылды. Бир аз каражат карап койсо туура болот. Эч кимди таппаса акча деле турат да, кайда кетмек эле.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх