Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөткө экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу боюнча документ келип түшмөкчү

Мыйзам долбоордун демилгечиси Исхак Масалиев,  мыйзамдын кабыл алынышын тездетүүгө аракеттенүүдө. ЖК бир жумадан кийин эле талкууну башташы мүмкүн 

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзам долбоорунун Жогорку Кеңештеги талкуусун бир жумадан кийин  баштай турганын Vesti.kg сайтына депутат Исхак Масалиев өзү билдирди.

- Кесиптешим Курманкул Зулушев экөөбүз өткөн жумада мыйзамдын  такталган акыркы долбоорун киргиздик. Эми документ кабмин өзүнүн бүтүмүн чыгаруу үчүн  Өкмөткө түшөт. Андан кийин комитеттерде бул боюнча жумуш башталат. Мен баарын тездетүүнүн аракетин кылам.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтокуновдон дагы, мурунку өлкө башчынын кол тийбестигин Конституцияга дал келбейт деген арызы келген, аны да кароо керек,  андыктан Конституциялык палата күтүп туруу позициясын карманат болуш керек,- деп  Исхак Абсаматович кошумчалады.

-  Президенттин кол коюусун күтүшү да мүмкүн,- деп божомолдоду.
 - Конституциялык палатанын соттору бүт  Атамбаевдин мезгилинде дайындалган, мыйзам долбоор ага карата колдонулганы жатат, - деген дагы пикир бар. Бирок мен жалпы нормаларды эле жаздым. Менин мыйзам долбоорумда фамилиялар көрсөтүлгөн эмес.


Түшүндүрмө бере кетсек, депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев коомчулуктун талкуусуна «Президенттин кепилдиктери жөнүндө» жана «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдарына түзөтүүлөрдүн долбоорун алып чыгышкан.

Депутаттар Президент кызматтан четтетилбеген учурда, кол тийбестигинен ажырабай тургандыгын жазып коюуну сунушташууда.

«КР Президенти кылмыш жоопкерчилигине кызматтан четтетилген соң тартылышы мүмкүн. Жогорку Кеңеш кылмыш тууралуу айып тагып, тагылган айып Башкы прокуратуранын, Президенттин иш-аракеттеринде кылмыштын белгилери бар деген бүтүмүнүн негизинде гана Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн»,- деп мыйзам долбоордо айтылат.
Түзөтүүлөрдүн авторлору берген негиздеме-маалымкатта, 2010-жылы жалпы элдик референдумдун негизинде кабыл алынган Конституция, мамлекеттин түзүлүшүн эле түп тамырынан өзгөртпөстөн, Президенттин, Жогорку Кеңештин, укуктук статусун өзгөртүп, мамлекеттин бардык бийлик органдарына бийик талаптарды ачыктап койду. Мамлекеттик органдардын ачыктыгы,  алардын ыйгарым укуктары эл кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланылышы жана укук бузуулар болгон учурда, жооптуу кызматтагылардын жоопкерчилиги,  негизги принциптерден болуп калды.

Вероника Малышева
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх