Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токон Мамытовду Акыйкатчы кылып шайлап, Жогорку Кеңеш өзүнүн беделин түшүрдүбү?

Эксперттер чекисти Акыйкатчы жогорку кызмат ордуна дайындоо, жарандардын парламентке болгон ишенимин кетирди,- деп эсептешүүдө

Кыргызстандын акыйкатчы кызматына атайын кызматтын генералы Токон Мамытовдун дайындалышы коомчулуктун ар түрдүү кабыл алуусун жаратты.

Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да Акыйкатчыны тандоонун жыйынтыгына нааразы болушууда. Жанар Акаев – Акыйкатчыны шайлагандан кийин элдин Парламентке болгон ишеними төмөндөп калды, - деп журналисттер менен болгон маегинде билдирди.

Депутаттын билдирүүсүн жарандык активист Адил Турдукулов да колдоп чыкты. Ал Vesti.kg менен болгон маегинде учурдагы дайындоо бир гана Жогорку Кеңештин беделине сокку алып келбегенин белгилеп өттү.

-Токон Мамытовду шайлоо үчүн 79 адам добуш берген, - деп белгилеп өттү. Мурунку чекистти акыйкатчынын кызмат ордуна дайындоо, мындай шашылыш чечим кабыл алуу – бул ЖКга гана сокку болбостон, бийлик системасынын беделине да чоң сокку болгонун билдирди.   

Турукуловдун сөзү боюнча, Кыргызстандын жаңы шайланган Акыйкатчысы жарандардын гана эмес чел өлкөлүк кесиптештеринин да ишенимине кире албайт.

-  Негизинен мындай дайындоо жарандык коомчулук тарабынан нааразычылык алып келерин алар эске алыш керек болчу, - дейт активист. – Биз ага карата адам катары доомат коё албайбыз, бирок белгилүү болгондой мурдагы чалгындоочу болбойт. Анын мурдагы ишине тиешелүү түшүнүгү, ойлонуусу, ишинин методу, акыйткачынын ишинин өзгөчөлүгүнө шайкеш келбейт. Ошондой эле ал эл аралык жыйындарга катышуу үчүн, тышкы эксперттер менен кызматташууга тийиш экенин түшүнүү керек. Чет өлкөлүк өнөктөштөр тарабынан ишеним болбойт.


Башка бир белгилүү эксперт, БШКнын мурдагы мүчөсү Эрик Ирискулбеков да -кыргызстандыктар акыйкатчылык кызматта башка адам келет,- деп күтүшкөн деп эсептейт.

-Мен бардык процессти көз албай карап отурдум, - дейт Vesti.kg ге ал. – Жарандарда бир керемет болуп кетет деген үмүт болгон, бирок ал болбой калды. Мурдагы механизм дагы деле бар экенин жана парламент аны өзгөртпөгөнүн тажрыйба көргөздү. Президенттин жаңы багыты менен Жогорку Кеңеш өздүнө кандайдыр бир эркиндикти алат жана мыйзамдуу, демократиялык жол менен иш-аракет кыла баштайт деп үмүттөнүп жүргөнбүз. Жакшыруу жок. Бул парламент үчүн чоң кемчилик.

Эскертебиз, алдыда Жогорку Кенеште  Кыргызстандын Акыйкатчысын шайлоо болуп өттү.



Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх