Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күйүп кеткен Башпрокуратуранын ордуна гүлбакча. Эксперттин бул нерсеге анча ичи чыкпайт

Бишкектин мурдагы башкы архитектору мэр анча жакшы эмес чечим кабыл алды деп эсептейт

Совет доорундагы башкы план боюнча өрттөнгөк башпрокуратуранын имаратынын ордуна административдик имарат турушу керек эле. Мурдагы эмгек сиңирген куруучу, Бишкектин башкы архитектору Сапар Султанов Vesti.kg сайтына бул тууралуу пикирин айтты.

- Бул орунга конкурс уюштурулган, - дейт ал. - Композициялык көз караш менен караганда, мурдагы агроөнөр жайдын имаратынын айланасында комплекстүү курулуштар турушу керек эле. Бул жерде Башпрокуратуранын турушу шаар куруунун көз карашы менен алганда туура болчу.

Сапар Асекович гүлбакча кылганга шаардын башка жеринен деле орун табылаарын кошумчалай кетти.
- Мисалы, Агроөнөржайдын артында  орун бар, - дейт эксперт. - Негизи, башкы план боюнча ал жерде жашылдандыруу комплекси болуш керек эле.

Башпрокуратуранын мурдагы имараты менин билишимче Бишкек мэриясынын балансында турат. Ал жерде имарат турушу керек, ал административдикпи же башкабы мааниге ээ эмес.

Эске сала кетсек, шаар башчы Азиз Суракматовдун чечими менен мурдагы Башпрокуратуранын имараты турган жерге гүлбакча курулганы жатат. Жакында иш башталат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх