Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмияновду кармоого чечим чыкты. Бул иш «жашыруун» деген грифтин алдында турат (сүрөт)

Президенттин мурдагы кеңешчисин камакка алууга  Биринчи май райондук соту сыртынан чечим чыгарды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов сыртынан камакка алынды. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

- Кайсы кылмыш иши боюнча камалаары белгисиз, анткени иш «жашыруун» деген грифтин алдында турат, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Жогорку соту.

Ал ортодо Vesti.kg сайтынын редакциясына соттун чечими келип түштү. Документте Икрамжан Илмияновго карата бөгөт коюу чарасы сыртынан көрүлдү жана ал УКМКнын тергөө абагына киргизилиши керек деп айтылат.

Ошондой эле, ал кармалган учурдан баштап 48 сааттын ичинде  тергөө аны сотко алып келиши керек, кармалуусунун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилет деп билдирилет.
Андан сырткары, соттун чечиминде Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаааттандыргандыгы көрсөтүлгөн.

Эске салсак, азыр Илмияновдун кайда экендиги белгисиз. Мурда КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына апасынын ооруганына баланыштуу Москвада турат деп билдирген болчу.  

Президенттин мурдагы кеңешчисине бир ишкерден коррупция тууралуу арыз түшкөндүгү жөнүндө маалымат пайда болгон.
Кеп Илмияновдун 150 миң доллар пара алгандыгы тууралуу болуп жатат. Бирок УКМК ошол учурда кылмыш иши козголбогондугун билдирген болчу.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх