Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тайырбек Сарпашевдин кылмыш иши: ЭККМК маалымат берүүдөн баш тартты

Анткени менен «каржы полициясындагылар» бул иште башка да адамдардын бардыгын айтышты

МКК мурдагы башчысы Таирбек Сарпашевге Башпрокуратура козгогон кылмыш ишинде башка да адамдар бар.

Мурда Vesti.kg сайтына башкы көзөмөл органындагылар бир канча кылмыш иши козголгондугун билдирген эле. Ага катышы барлардын бири Сарпашев. Иликтөө Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына жүктөлдү.  

Ушул себептүү Vesti.kg сайты ЭККМКна бул кылмыш иши тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн кайрылды. Бир жумадан бери жооп жок. Бирок жуманын аягында Каржы полициясынан бул ишке комментарий бербейт деп билдиришти.

- Кылмыш иши Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине карата козголгон. Толугу менен тергөө иштери аяктагандан кийин уктурабыз, - деп жооп беришти ЭККМК.

Эске салсак, Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иши жараксыз болуп калган туулгандыгы тууралуу күбөлүк фактысы боюнча.

Белгилүү болгондой, 2013-жылы МКК 8 миллион сомго жарандык абалы тууралуу күбөлүктүн бланкасын чексиз соода кылуу ыкмасы менен сатып алуу үчүн тендер уюштурган. Тендерге ЖЧК «Т.П.» катышкан, кийинчерээк ал ААК «Учкундун» конкурсун да утуп алган.

Ошол эле жылдын апрель айында каржы Министрлиги бул тендерди өттү деп жарыя кылган.

Маалым болгондой, Сарпашев МККна ААК «Учкундан» туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү сатып алуу боюнча мыйзамсыз тапшырма берген.
ЖЧК «Т.П.» Сарпашевдин тапшырмасы менен ААК «Учкундан» 40 миң даана туулгандыгы тууралуу күбөлүк сатып алуу тууралуу келишим түзөт. Бул бланктарды жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин аймактык бөлүктөрүнө таркатышкан жана Кыргызстандын жарандарынын жаңы төрөлгөн балдарына да беришкен.

Бирок, кийин белгилүү болгондой, бланктар жараксыз болуп чыкты. Туулгандыгы тууралуу бланктын микротестинде «Нике күбөлүгү» деген жазуу болгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх