Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы депутат менен соттошот. Ал миллион сом өндүрүүнү көздөйт

Бакыт Шаршембиев доо арызды жеке тартипте берет

Байланыш жана маалмыттык технология мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду сотко берет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин өзүндөгүлөр билдирди.

Белгилүү болгондой, Шаршембиев 1 миллион сом өндүрүүнү каалайт.

- Бакыт Шаршембиев доо арызды Мамбайком башчысы катары эмес жеке тартипте берет, - деп тактады, - деп такташты мекемедегилер.
 
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты депутат рыскелди Момбеков байланыш жана маалымат технологиясы мамлекеттик комитетинин башчысы Бактыбек Шаршембиевди кылмыш иштерге катыштыгы бар деп билдирген жана муну тактай турган документтер менде бар деген.

Бирок кечээ экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кечээ депутаттын сөзүн жокко чыгарды. ЭККМК маалыматы боюнча ал кылмыш иштери боюнча Бакыт Шаршембиев күбө катары гана өтөт.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх