Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук статистика комитети жаңы система менен иштөө алдында турат

«Расмий статистика жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуулар болду

«Бул жаңы мыйзам долбоорун демилгелөө алдында глобалдык байкоо жүргүзүлгөн», -дейт депутат Бактыбек Турусбеков.

2011-жылы Улуттук статистика комитетинин өтүнүчү боюнча Европа эркин соода Ассоциациясы жана Европа статистика үчүн Бириккен Улуттар уюмунун экономикалык комиссиясынын эксперттери Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасына глобалдык байкоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү керектиги белгиленген.

Бириккен Улуттар уюмунун демилгеси менен статистика жөнүндө мобилдик мыйзам иштелип чыгып, ал Улуттук статистика системасынын ишенимдүү укуктук базасын иштеп чыгуу жана жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү үчүн айкын негизди камсыз кылуучу модель катары сунушталган.

Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» мыйзамдын жаңы басылмасы Типтүү мыйзамга ылайыктуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн жана талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.

«Расмий статистика» чыныгы маалыматтардын негизинде саясий чечим кабыл алуу үчүн негизги инструмент болуп эсептелет дешет эксперттер. Ошондой эле экономикалык жана социалдык реформалар процессинде ачык айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болуп саналган расмий статистиканын сапаты жана ишенимдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган.

Мыйзам долбооруна негизги жаңы киргизүүлөр: расмий статистиканын жаңы системасы, Бириккен Улуттар уюмунун статистика жаатындагы фундаменталдык принциптери, Улутстаткомдун ачык саясаты, статистика боюнча кеңештин ишине жарандык коомду тартуу.

Акылай Рахматулла
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх