Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулматов уулуна, мен кишини сатып кете албайм, буга абийирим жол бербейт деди

Каныбек Кулматов атасы менен аны кармаар алдындагы сүйлөшкөндөрүн айтып берди

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун уулу Каныбек Кулматов атасы  менен аны УКМКнын тергөө абагына камаар алдында эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтып берди.

«Эки күндө кийин атамды КР УКМК тергөө абагына камоо тууралуу бөгөт чарасы көрүлгөндүгүнө беш ай болот, - деп жазат Каныбек Кулматов социалдык тармакта (орфография жана пунктуация бузулбай сакталды). - Ушул беш ай ичинде атамды бир да тергешкен жок, бир да иликтөө иш чараларын өткөрүшкөн жок (жөн гана тергөө абагында жашап жатат).»

Мен сиздер менен жарандардын укугунун бузулгандыгы же кызмат абалынан ашыра пайдалануу тууралуу  ой бөлүшкүм келет. КР укук коргоо органдарынын кызматтык абалынан ашыра пайдаланып жатышкандарын айткым келет, ал эми сот системасы тууралуу болсо үндөбөй эле коёюн. Ал таптакыр иштебейт.

Мен эми кандай болоорун билбейм! Мен азыркы кырдаалга баа берейин десем эле, дароо миллиондогон элдер иштин чоо жайын билбей туруп «Ырас болот, бул кайтаар дүйнө» деп жаза башташат.

Ошондуктан мен силерге атам менен сыймыктанаарымды бөлүшкүм келет, мен уулу атасына сыймыктанган сыяктуу эле сыймыктанам. Анткени ал ЭРКЕК жана саткын эмес!

Бүгүн биз элдердин сегиз жыл аралыгында бир адамга кандай жүгүнүп, жагынып жана өмүрүнүн акырына чейин сатпайм деп ант берип, майрамдарда эптеп эле көзүнө көрүнүп калайын деп, белек берип жүргөн адамдардын чыныгы жүзүн көрүп жатабыз. Алар бүгүн башка кепти айтып жатышат жана мурдагы сонун сөздөрүн эми башка адамга айтып жүрүшөт.

Биз көп жылдан бери элибиз эки жүздүү болуп калды деп тамашалап жүрөбүз, албетте бул тамаша дегилечи, бирок чындыктын үлүшү бар!

Көп элдер менин атамды билишет кандай адам экендигин, менин мүнөздөмө берүүмдүн кажети деле жоктур. Ар кимдин өзүнүн ою, ага карата мамилеси бар дегилечи бирок.

Мурдагы мэрдин уулу атасы камалаарда ага келип, маектешкендигин айтты.

«Ал түз эле эртең мени СИЗОго киргизишет камалам деп айтты. Мен аябай таң калдым, бул күтүүсүз болду, - дейт жаш жигит. Мен «Эмне жазыгыңыз үчүн?»  - деп сурадым. Ал «АНТКЕНИ МЕН САТКЫН ЭМЕСМИН» - деп жооп берди».

Биз көпкө сүйлөштүк, мен анын айткан сөзүн сөзмө сөз айтайын: «Каныбек, мен кишини сатып кете албайм, анткени ага менин абийирим жол бербейт!». Мен ошондон бери таң эрте туруп жаңылыктарды ачып карайм, атамдын ошондо мага эмне айткысы келгендигин билгим келет. Тилекке каршы биздин арабызда достукту, берилгендикти жана абийирди сактаган адам жок экен. Ушул сегиз жылдын ичинде атам мамлекеттенбир да сыйлык, наам алган жок. Мурункудай эле Бажы кызматынын полковниги боюнча калды.

Ал сегиз жыл аралыгында элге көрүнүү үчүн же наам үчүн иштеген жок, ал биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштеди. Бир акылман минтип айткан экен: «Эгерде жаңы мэр жакшы иштеп жаткан болсо, демек мурункусу мындан да жакшы иштеген».

Убакыт өтүп, баары өз ордуна келет. 2018-жылы жүз буруп кеткен адамдар 2024-жылы да жүз бурат. Мен болсо атамдын ПАТРИОТ жана АБИЙИРДҮҮ экендигине сыймыктанам.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовду 346-берене боюнча (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 350 берене (Жасалма документтерди колдонуу, штамп, мөөр, сыйлыктарды, бланктарды жасалма жасоо), ошондой эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоого бөлүнгөн 2 миллион доллар гранттык каражатты максатсыз пайдаланууда айыпталып жатат 303 берене 1б. (Коррупция).

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх