Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков кеңешчилеринин ага көп нерсени жеткирбей койгондуктарын билди

 Президенттин мурунку премьер-министрлер жана ЖК спикерлери менен болгон жоолугушуусунда Текебаевди бошотуу тууралуу сунуштар болду

Сооронбай Жээнбеков мурунку премьер-министрлер жана Жогорку кеңештин спикерлери менен болгон жоолугушуунун көпчүлүк бөлүгүн аларды угуу менен өткөрдү. Бул тууралуу ошол жоолугушууга катышкандардын бири мурунку Жогорку Кеңештин төрагасы Ишенбай Кадырбеков  Vesti.kg сайтына айтып берди.  

- Баарына регламент боюнча жети мүнөт убакыттан беришти, кээ бирөөлөрүнө бул убакыт аздык кылып жатты, - деп белгиледи ал. - Бирок ар биринин азыркы кырдаал тууралуу жана көйгөйдү чечүү варианттары маанилүү болду. Анткени бардык катышуучулардын тажрыйбасы бар.

Ишенбай Дүйшөмбиевич талкууга алынган маселелер аябай көп болгондугун, сомдун курсунан баштап, илимдин өнүгүшүнө чейин болгондугун кошумчалады.

- Экс-премьерлер көбүнчө чарбалык иштерден кеп кылышты, ал эми мурунку төрагалар мыйзамдар тууралуу сүйлөштү, - деп түшүндүрдү ал. - Президент мындай жоолугушууларды тез-тез өткөрүп турууну убада кылды, кийинки жолу премьерлиерди спикерлердиен бөлөкөзүнчө чакырып, ар биринин пикирине көбүрөөк маани бере тургандыгын айтты. Мамлекет башчы аппараты менен бардык сунуштарды карап көрүп, иштеп чыгып, эмнелер кабыл алынгандыгын,  а эмнелер кабыл алынбагандыгын билдирем деди. Албетте, мындай иш чаралар көп болуп турса, алардан пайда гана болмок.

Өз кезегинде дагы бир экс-спикер Зайнидин Курманов Vesti.kg сайтына ал жоолугушуу тууралуу өз оюн билдирди.

- Иш чарага 22 адам чакырылды, - деп тактады ал. - Пикир алышуулар жана сунуштар болду. Адегенде президент сөз сүйлөдү. Ал мурунку жетекчилердин оюн билейин деп жатам деди. Көп маселелер талкууланды. Конституциялык реформа тууралуу сөз сүйлөндү, энергетика боюнча да айтышты. Саясий камакта жаткандар тууралуу да айтылды. Текебаевди бошотуу тууралуу сөз айтылып, анын камалышы - бул авторитаризм дешти. Акырында Сооронбай Жээнбеков ага кеңешчилери жеткирбеген көп нерселерди билгендигин айтты. Иш чара үч саатка чукул болду.

Вероника Малышева

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх