Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Фарид Ниязовдун ыңгайлашып кетүү жөндөмдүүлүгү укмуш

Жогорку Кеңештин депутаты президенттин аппаратынын мурдагы башчысынын таптакыр уяты жок дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов тууралуу жаман сөздөрдү айтты. Депутат өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына мурунку чиновниктин жеке сапаттарына тийишип жазды. Ошону менен бирге Масалиев башка бирөөнүн жетишкендиктерин Ниязовго ыйгарбоону суранды анын кошоматчыларынан.

«Көрсө, Фарид Ниязовдо уят бар экен, - деп жазат Исхак Апсаматович. - Бул тууралуу ал өзү билдирди, аны жаш блогер колдоду. Мен күмөнүм фейсбуктагы досторум тарабынан каршылыкка кабылды. Бул туура эле, анткени Фориддин да достору бар да. Бирок анын менин атамдын кадыр-баркын Атамбаев көтөрдү дегени - бул калп! Республиканын мурдагы жетекчилери Усубалиев менен Масалиевге өзгөчө макамды Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышы мыйзам менен бекитип берген, ага Акаев кол койгон. Ал эми Өлкөнүн Баатыры деген наамды Апсамат Масалиевге үчүнчү чакырылыштагы депутаттар демилгелеп, Бакиев кол койгон. Ал эми Фариддин уяты тууралуу кеп кылсак, бул кишиде ал нерсе жок! 2010-жылы убактылуу өкмөттүн туура эмес иштерин кудум ушул киши иштеп чыккан, кудум ушул киши Атамбаевдин идеяларын уктурган.

Мен аны кошо уурдаган деп ырастай албайм, менде факт жок ага, бирок бул кишиде ыүгайын таап кетүү жөндөмдүүлүгү өтө күчтүү. Анын Атамбаевдин терс иштеринин ишке ашышына салымы чоң. Ошондуктан кыжырдануунун кереги жок. Ар кимдин өз пикири бар».
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды.)

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх