Депутат Сурабалдиева саясатчылардын сауналары тууралуу: Албетте, декларацияда аларды көрбөйсүздөр
Депутаттар менен чиновниктер мончо бизнесин кантип жашырышат?
Депутат Эльвира Сурабалдиева (СДПК) экологияга зыянын тийгизип жаткан мончо жана сауналарды жабуу тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун сунушуна жооп кылды. Ал бул билдирүүгө тамашалуу твит менен жооп берди: «Мэр сауналарды жабууну сунуш кылды, - деп жазат ал. - Гуля Алмамбет, мен сизге башы көрүнгөн кишилердин мончолорунун тизмесин алып барам - келгиле ошолордон баштайлы. Бирок, ушундан кийин байкелердин жарымы мени менен сүйлөшпөй калышат».
Депутат Vesti.kg сайтына тамашалап айтып жаткан обьекттердин көбү белгилүү саясатчыларга жана чиновниктерге тийешелүү экендигин түшүндүрүп берди. Болгондо да алар мончонун ээлери экендигин да жашырышпайт, көчөдөгү кетип бараткан кишиден сурасаң да айтып берет кайсы депутаттыкы экендигин.
- көңүл ачуучу ишканадан киреше таап жаткандар менин тамашамды түшүнүшөт, - деди Сурабалдиева. - Бирок алардын мойнуна бул сеники деп коюу өтө кыйын, анткени ал декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Сауна тууганына катталат, анткени мамлекеттик кызматкер коммерция менен алектенгенге болбойт.
Эл өкүлү кадам сайын маанилүү кызматтарда иштеп, жума күнү мечитке барып жана орозо тутуп, бирок ошол эле учурда саунадан түшкөн кирешеге жашагандан уялбагандарды учуратканга болот.
- Алар кимди алдаганы жүрүшөт - кудайдыбы же өздөрүнбү? - деп суроо салат депутат. - Болбосо ушунчалык эле өздөрүн жакшы көрөбү?
Эске сала кетели, жакында эле Мамлекеттик салык кызматы Бишкектеги мончо жана сауналардын кимге таандык экендиги тууралуу маалыматты жарыя кылды.
Ошондой кожоюндардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев («Кыргызстан»), «Мекен Ынтымагы» партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер Гүлмайрам Абдылдаева, «Кыргызстан» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Самат Таштанбеков, парламенттин депутаты Азамат Арабаевдин бир тууганы, ЖК депутаты Бакирдин Субановдун уулу Бектур Субанбеков («Бир Бол»), мурдагы эл өкүлү Нарынбек Молдобаев, Жалал-Абаддын экс-мэри жана ЖК экс-депутаты Роман Шиндин кызы.
Борбор шаарыбызда баары болуп 166 мончо жана сауна бар, бирок юридикалык катталганы 16, деп маалымдады МСК.
Мурда Vesti.kg сайты Бишкек мэринин экологияга терс таасирин тийгизип жаткан мончо жана сауналарды жабуу сунушун маалымдаган болчу.
«Райондук администрациялар аймактык милициялар жана Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте штабдарды түзүүлөрү керек болчу, - дейт Азиз Суракматов. - Биз мончолорго эмне жагылып жаткандарын текшерүүбүз зарыл, анткени мончолор эски дөңгөлөктөрдү сатып алып жагып жатышат».
Мэриядагылар бүгүнкү күндө Ленин районунда - 34 мончо жана сауна, Октябрь районунда - 47, Свердлов районунда -100 ашык, Биринчи май районунда - 100 чакты мончо жана сауна бар экендигин белгилешти.
Ольга Федорчук
Сүрөт www